Элчилик: Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык

© Фото / пресс-служба ГУ МВД России по Челябинской областиРоссиянын Челябинск облусундагы жол кырсык
Россиянын Челябинск облусундагы жол кырсык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мекендештердин сөөгү Челябинск облусундагы өлүкканага жеткирилди. Каза тапкан дагы эки кишинин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын Челябинск облусунда КамАЗ менен жеңил унаа кагышкан жол кырсыкта көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык экендиги аныкталды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда 7 кыргызстандык киши жол кырсыгынан жабыркады. Жеринен тартылган видео
Эске сала кетсек, кечээ, 22-январь күнү, Бишкек убактысы менен саат 20.50дө Челябинск — Троицк жолунун 107-чакырымында Троицкти көздөй бара жаткан Honda үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу бурганактын айынан каршы тилкеге чыгып кетип, КамАЗ менен кагышкан. Кырсыктан көз жумган жеңил унаадагы беш киши кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү айтылган. Анткени автоунаа KG номерлүү болгон.

Элчиликтин айтымында, үч кыргызстандыктын сөөгү Челябинск облусундагы өлүкканада. Каза тапкан дагы эки киши боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Көз жумгандардын биринин тууганы окуя болгон жерге келди, калган маркумдардын жакындары изделүүдө.

Окуя элчиликтин көзөмөлүнө алынганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0