Бишкекте жер силкинди

© AFP / TED ALJIBEЗемлетрясения в Новой Зеландии
Землетрясения в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектиктердин айтымында, люстралар кыймылдап, көп кабаттуу үйлөрдө да сезилген. Магнитудасы 5,7 баллга жетти.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Telegram каналынын "Бишкек сегодня" тайпасынын колдонуучулары бүгүн, 19-январда, саат 19.30да жер силкинүү болгонун сезишкенин жазышты.

EMSC порталынын жазганына караганда, жер титирөө Синьцзянь-Уйгур автономдук аймагынын түштүк тарабында Бишкек убактысы боюнча саат 19.28де болгон.

Очогу Алматыдан 391, Нарындан 210 жана Ат-Башыдан 193 чакырым алыстыкта жайгашкан. Магнитудасы 5,7 баллга жетип, тереңдиги 10 чакырымды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0