БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда чоң энесин бычактап качып кеткен 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 23 жаштагы шектүү Өзгөн райондук милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, буга чейин милиция шектүүгө издөө жарыялаган болчу.
"2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00дөр чамасында Өзгөн шаарынын 23 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну пикир келишпестиктен 71 жаштагы чоң энесин бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кеткен. Жигиттин чоң энеси алган жараатынан Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
"Кылмышка шектелип жаткан 23 жаштагы жигит 2019-жылдын 9-декабрында Россиядан келип, 12-декабрга караган түнү Өзгөн шаарындагы үйүнө такси менен барган. Бирок жол акысына акчасы жок болгондуктан, 4000 сомду туугандары төлөгөн. Эртеси, 12-декабрь күнү, шектүү үйүн тинтип жаткан кезде чоң энеси кирип келип калган. Жигит Россияда кумар ойноп карыз болгонун айтып, андан акча талап кылган. Улгайган аял өзүндө акча жоктугун айтып, кыздарынан сурап берерин билдиргенде, небереси аны бычак менен сайып жиберген", — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатат.