Бишкекте автоунаа коюп кеткен аял каза болуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо жаткан кыз. Иллюстративдүү сүрөт
Жолдо жаткан кыз. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, окуя 18-ноябрда эртең мененки саат 8:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 18-ноябрда, Юнусалиев көчөсүндө (Ахунбаев көчөсүнөн өткөндөн кийин) Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан эркек киши түндүктү көздөй баратып аялды коюп кеткен. Ал алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган.

Маалыматты Бишкек шаардык милиция да тастыктап, окуя эртең мененки саат 8:00дөр чамасында болгонун билдирди.

"Аялдын аты-жөнү такталууда. Автоунаа айып короого алып келинди", — дешти тартип сакчылары.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0