Боомдо кулаган таш жолдун четин бөгөп калды. Капчыгайдан тартылган видео

Жазылуу
Жол кызматкерлери түшкөн шагыл менен таштарды бир нече саат бою тазалады. Окуядан жабыркагандар болгон жок.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Боом капчыгайында таш кулап, жолдун бөлүгүн жаап калгандыгын Транспорт жана жолдор министрлигинен Sputnik агенттигине кабарлашты.

Окуя таңкы саат 06:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 139-чакырымында болгон.

Министрликтен №32 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери трассаны тазалагандыгын, учурда каттам үзгүлтүккө учурабай унаалар ары-бери өтүп жаткандыгын айтышты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0