04:24 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Мужчина схватил за свитер. Архивное фото

Милиция маршрутканын айдоочусун бет талаштыра чапкан кишини издеп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
118010

Буга чейин социалдык тармактарга маршрутканын эшигин ачып, орто курактагы айдоочуну ай-буйга келбей бет талаштыра чаап, жулкулдатып жаткан жигиттин видеосу тараган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте маршруттук таксилердин биринин айдоочусун бет талаштыра чапкан жигиттин видеосун шаардык милиция текшерип жатат.

Буга чейин социалдык тармактарга маршрутканын эшигин ачып, орто курактагы айдоочуну ай-буйга келбей бет талаштыра чаап, жулкулдатып жаткан жигиттин видеосу тараган. Аны жолдон өтүп бараткан киши тартып алган. Видеодон "Ай, сен эмне кылып жатасың?" деп кыйкырып жаткан аялдын үнүн угууга болот. Ошондой эле эркек кишинин дагы "Өзүңдөн улуу киши экен, эй жигит!" деп жатканы тартылып калган.

Шаардык милиция окуя боюнча текшерүү жүрүп, чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Милиция: "Коопсуз шаардын" камерасын талкалаган киши кармалды
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
Мени аткан милиционерге дооматым жок. Ок жеген жабырлануучу үн катты
Белгилер:
милиция, видео, маршрутка, мушташ

ЭҢ МААНИЛҮҮ