23 млн. сомго нефть алып качып кеткен шектүүнү милиция Москвадан тапты

© AP Photo / Felix MarquezГосударственная нефтяная компания Мексики
Государственная нефтяная компания Мексики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Красноярск аймагынын тургуну ЖЧКнын жетекчиси болуп турганда башка компания менен чийки нефтини жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Бирок товарды алгандан кийин из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Москва шаардык милициясы менен биргеликте Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн кишинин жүргөн жерин табышты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Россиянын Красноярск аймагынын 50 жаштагы Ю.Н. аттуу тургуну ири суммадагы акчаны алган деп шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн.

"2016-жылы ЖЧКнын директору болуп турганда чийки нефтини жеткирип берүү үчүн 328 604 долларга келишим түзгөн. Нефтини алгандан кийин эркек киши из жашырып кеткен. ЖЧКнын чыгымы 22 миллион 696 миң 400 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Элди алдап сегиз батир саткан... Бишкек мэриянын кызматкери изделип жатат
Аталган факт боюнча Ю.Н. аттуу адамга эски Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин («Кызмат абалынан пайдаланып ири суммадагы алдамчылыкка баруу») бир нече бөлүктөрү менен иш козголгон. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы ага эл аралык издөө жарыялаган.

ИИМден учурда шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, аны экстрадициялоо иши каралып жатканын билдиришти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0