09:07 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Тапанча. Архивдик сүрөт

Кара-Суудагы атышуу: жабырлануучу өзүн-өзү атканын айтты. Видео комментарий

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1291 0 0

22-сентябрда Ош облусунда атышуу болуп, эл арасында чоң талкуу жараткан. Милициянын маалыматы боюнча, шектүү жабырлануучуну артынан машина менен кууп барып аткан. Бирок ок жеген киши күтүлбөгөн башка версияны айтууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы атышуудан жабыркаган киши тапанча менен өзүн-өзү атканын айтты.

Окуя 22-сентябрда болгон. Анда Р. уулу Т. аттуу жарандын жамбашына ок тийип, реанимацияга түшүп, операция жасалган. Милициянын ырасташынча, шектүү жабырлануучунун артынан машина менен кууп барып аткан.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишинин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, жабыркаган жаран буга чейин милицияда иштеп, ММА боюнча Азия чемпиону болгон. Аны Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитеттин башчысы, кикбоксинг, самбо жана аскер самбосу боюнча спорт чебери С.К. аттуу киши атканы айтылган.

Бирок жабырлануучу "Ош пирим" каналына комментарий берип, С.К. аттуу жаран менен келишпестиктер болгон деген маалыматты төгүнгө чыгарып, ал менен достук мамиледе экенин билдирди.

"Экөөбүздүн ага-инилик мамилебиз бар. Окуя боюнча айта турган болсом, мен "чай ичели" деп чалгам. Алтынбек жана Бекболот деген инилерибиз келишкен. Сүйлөшүп машинада отурдук. Ошол маалда Бекболот тапанча таап алганын айтты. Мен мурда милицияда иштегендиктен "карап бербейсизби" деп калды. Ал октолгон боюнча экен, басып алып саныма ок тийди. Ошол боюнча эле ооруканага алып келишти", — деди ал.

Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "Ден соолукка олуттуу зыян алып келүү" беренеси боюнча тергөө иштери башталган. Шектүү изделүүдө.

Тема боюнча

ИИМ: Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу боюнча иш козголду
Оштун Кара-Суусунда атышуу болуп, бир киши ок жеди
Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу. Окуянын чоо-жайы
Белгилер:
милиция, шектүү, атышуу, Кара-Суу району

ЭҢ МААНИЛҮҮ