11:48 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кишен. Архивдик сүрөт

Үч кишини аёосуз сабагандардын милициядагы бир тууганы кармалды

© AFP 2019 / ANTHONY WALLACE
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (27)
3064 0 0

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте балдарды аёосуз сабагандардын милицияда иштеп жүргөн агасы Казыбек Бапышов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ага ылайык, ыкчам-издөө иш-чаралары 10-сентябрда жүргөн. 

Эске алсак, 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанында К.Сеитбеков менен Ж.Бапышов эки кишини катуу токмоктогон.

"Бул окуядан кийин окуя болгон жерге Чүй облусунун ИИББ криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Казыбек Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы менен сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган", — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча катталып, тергөө иштери УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (27)

Тема боюнча

Бишкекте аёосуз сабалгандар: эмнеге экипаж командири кармалган жок?
Аёосуз сабалгандар. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандады
Бишкекте аёосуз сабалгандар: УКМК эки милиционерди кармады

ЭҢ МААНИЛҮҮ