16:02 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Honda Fit унаасы. Архивдик сүрөт

ШИИБ: Бишкекте эки киши Honda үлгүсүндөгү төрт унааны уурдаган. Сүрөт

© AP Photo / J. Pat Carter
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
230 0 0

Автоунаанын уурдалганы тууралуу алгачкы билдирүү 24-августта Октябрь РИИБине келип түшкөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБ менен Октябрь РИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери бир нече автоунаа уурдаган деген шек менен 30 жана 28 жаштагы кишилерди кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

  • Оперативники ГУВД Бишкека и Октябрьского РУВД задержали двух мужчин по подозрению в серии автоугонов
    Бишкек ШИИБ менен Октябрь РИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери бир нече автоунаа уурдаган деген шек менен 30 жана 28 жаштагы кишилерди кармады.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Автомобиль марки Honda, угнанный в Бишкеке
    Автоунаанын уурдалганы тууралуу алгачкы билдирүү 24-августта Октябрь РИИБине келип түшкөн.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Автомобиль марки Honda, угнанный в Бишкеке
    Арыз жазган киши 24-августтун түнүндө белгисиз бирөөлөр 12-кичи райондогу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткенин айткан.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Автомобиль марки Honda, угнанный в Бишкеке
    Дагы бир Honda Fit автоунаасы 30-августтун түнүндө Жаш Гвардия проспектисинин жээгинде токтоп турган жеринен уурдалган. Аталган проспектиден 2-сентябрдын түнүндө ушундай эле үлгүдөгү автоунаа жоголуп кеткен.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Бишкек ШИИБ менен Октябрь РИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери бир нече автоунаа уурдаган деген шек менен 30 жана 28 жаштагы кишилерди кармады.

Автоунаанын уурдалганы тууралуу алгачкы билдирүү 24-августта Октябрь РИИБине келип түшкөн. Арыз жазган киши 24-августтун түнүндө белгисиз бирөөлөр 12-кичи райондогу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткенин айткан.

Дагы бир Honda Fit автоунаасы 30-августтун түнүндө Жаш Гвардия проспектисинин жээгинде токтоп турган жеринен уурдалган. Аталган проспектиден 2-сентябрдын түнүндө ушундай эле үлгүдөгү автоунаа жоголуп кеткен. Ал эми 4-сентябрда түндө Чапаев көчөсүнөн Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа табылбай калган.

Аталган төрт факты тең Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Автоунаа уурдоо") менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Ыкчам иликтөө иш-чарасы учурунда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү уурулукка шектүү катары эки кишини кармашкан. Алар Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Тема боюнча

Бишкек: чак түштө Lexus 570 унаасын тартып кете жаздаган видео. Милициянын версиясы
Кардармын деп 2 млн. евролук унааны уурдай качкан киши кармалды
Белгилер:
кармоо, шектүү, ШИИБ, уурулук, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ