Бишкек: чак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба ГУВДЧак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды.
Чак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү борбордогу ири соода борборлорунун биринен кармалып, Toyota Land Cruiser-200 жолтандабасынын ичинен аңчылык курал жана ок табылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Борбор калаада 31-августта курал көрсөтүп башкаларды коркутуп, бейбаштык кылган 28 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

© Фото / Пресс-служба ГУВДЧак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды.
Бишкек: чак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чак түштө курал менен башкаларды коркуткан киши кармалды.

"К.Р. аттуу жаран кайрылып, аны саат 14:20 чамасында Исанов–Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун четине такап барып токтотуп, сөгүнүп, урушуп кеткендиги боюнча арыз жазды. Аны менен кошо автоматка окшош курал менен атып салам деп коркутуп, андан соң жок болуп кеткен", — деп айтылат.

Эгемендүүлүк күнү Бишкектин Биринчи Май райондук милициясына шаар тургуну чак түштө Toyota Land Cruiser-200 жолтандабасын айдаган азиат тектүү адам курал менен коркутуп кеткендигин айтып арызданган.

Мындай маалыматтан кийин Биринчи Май райондук жана ШИИББдин кызматкерлери шектүүнү издеп баштаган. Буга криминалдык милиция кошулган.

Жыйынтыгында шектүү борбордогу ири соода борборлорунун биринен кармалып, Toyota Land Cruiser-200 жолтандабасы менен кошо Биринчи Май райондук милициясына жеткирилген.

Пострадавший после штурма дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Өзүн атып алган. ИИМ Атамбаевдин тарапташы делген жигиттин өлүмү тууралуу
Автоунаасын тинткенде "МА-АК" үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгы, "Калашников" автоматына окшош кара түстөгү страйкбол куралы, 51 патрон, 7,62 калибрлүү төрт даана магазин табылган. Андан сырткары, кара түстөгү аскердик каска, сумка жана рюкзак чыккан.

Мыйзамдын негизинде кармалган жаран Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Милициядан учурда сотко чейинки ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Бул факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0