Сотрудники МЧС во время тушения крупного пожара на складе бытовой техники в западной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан

Бишкектин батышында чыккан өрттүн тексттик трансляциясы. Сүрөт, видео

Жазылуу
Өрт тууралуу күбө кабарлаган.

Бишкектин батыш тарабындагы тиричилик техникасы сакталган кампада ири өрт чыкты. ӨКМ маалыматты тастыктады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:21 21.08.2019

Кампадан чыккан өрт саат 15:04тө чектөөгө алынганын ӨКМден билдиришти. Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2800 чарчы метрди түздү.

14:26 21.08.2019

Өрттүн асмандан тартылган сүрөттөрү 

Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:57 21.08.2019

Өрттүн келип чыгуу себеби тактала элек. 

Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:51 21.08.2019

"Шумкар" күзөт кызматынын өкүлдөрү күбөлөрдүн өрт чыккан жерге жакын келбешин көзөмөлдөп жатат.

13:47 21.08.2019

Жалындаган от көрүнбөгөнү менен уюлгуган кара түтүн токтобой жатат. 

13:33 21.08.2019

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 31 жаштагы О.Н. жана 33 жаштагы И.А. түшкөнү кабарланды. Алдын ала диагноз — уулануу. Биринчи кишинин абалы орточо оор болсо, экинчисиники оор деп бааланууда.

13:28 21.08.2019

Жеринде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери да иштеп жатат. Алардын суу ташуучу унаалары өрттү өчүрүү үчүн колдонулууда. ӨКМдин суу ташуучу унаалары дагы келип жатат.

13:03 21.08.2019

Өрттөн иске ууланып 25-30 жаштардагы эки адамды тез жардам алып кеткени айтылды. Жабырлануучулар №4 ооруканага жеткирилген.

Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кампадан чыккан өрттөн эки адам ууланып, тез жардам алып кетти
12:45 21.08.2019

Өрт өчүрүүчү бригаданын саны 8ге жетти.

12:42 21.08.2019

103 кызматы өрт болгон жайга үч тез жардам бригадасы чыгып кеткенин билдирди. Кырсыктан жабыркагандар бар экендиги айтылууда.

12:16 21.08.2019
12:13 21.08.2019
12:12 21.08.2019

Алдын ала маалымат боюнча тиричилик техникасы сакталган кампа күйүп жатканы айтылды.

12:10 21.08.2019
Крупный пожар в западной части Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
12:02 21.08.2019
12:00 21.08.2019

ӨКМге Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде кампадан өрт чыккандыгы тууралуу 11:23тө маалымат түшкөн. Жеринде жалпы беш өрт өчүрүү бригада иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0