19:13 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
185710

Атамбаевдин үйүнө бет алган элдин жоон тобун милиция өткөрбөй койгон.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жакын жерде эл менен милиция кагышкан учуру видеого тартылып калган. Андан эл тарапка милиция кызматкерлери жаадыра таш атып жатканын көрүүгө болот.

Атамбаевдин үйүнө бет алган элдин жоон тобун милиция өткөрбөй койгон. Андан соң милиционерлер элге карай таш ыргытып бир топ оолактатты. Ошол эле учурда спецназ калканы менен милициянын артынан келген.

Белгилей кетсек, 7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, 43 киши түрдүү жаракаттарды алган. Акыркы маалымат боюнча, алган жараатынан бир жоокер ооруканада каза болду.

УКМК Атамбаевдин үйү тарабынан спецназды көздөй ок чыгып жатканын билдирүүдө. Мурдагы президентти кармоо аракети азыркыга чейин жүрүп жатат.

Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)

Тема боюнча

Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология
Кой-Ташта жаракат алгандардын саны 43кө жетти
УКМК: спецназдын жоокерине снайпердик мылтыктын огу тийиши мүмкүн
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
Белгилер:
таш, милиция, Кой-Таш

ЭҢ МААНИЛҮҮ