Ысык-Көлдө "банандан" кулаган бала катерге урунуп, каза тапты

© Sputnik / Сергей МальгавкоБананга түшүп жаткан адамдар. Архив
Бананга түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекция тергөө иштери коопсуздук техникасы сакталган-сакталбаганын аныктаганына жараша жасаларын айтты.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бостери айылына жакыныраак пляждардын биринде 12 жаштагы бала каза тапканын Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат кызматынан кабарлашты.

Өспүрүм "банандын" үстүндө сүзүп жүрүп, ал катуу бурулганда башы менен катерге тийген. Жабыркаган баланы ооруканага алып барышкан, бирок ал эсине келбеген бойдон көз жумган.

Мамэкотехинспекция тергөө иштери коопсуздук техникасы сакталган-сакталбаганын аныктаганына жараша жасаларын айтты. Баланы жеке тараптар сейилдетип жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0