Көлдө эки адамды өлтүрдү делген кишиге мамлекеттик издөө жарыяланды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКопенгаген перед началом музыкального фестиваля "Евровидение-2014"
Копенгаген перед началом музыкального фестиваля Евровидение-2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү алты күндөн бери изделип жатат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн тоолорунда эки адамды өлтүрүүгө шектелген Сергей Смирнов мамлекеттик издөөгө алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Түп айылынын 29 жаштагы жашоочусу алты күндөн бери тоодон изделүүдө.

Өзгөчө белгилери: бою 185-190 сантиметр, кой көз, чачы сары, чымыр денелүү.

Сотрудница противочумной станции Ирина Лунёва - Sputnik Кыргызстан
Тирүү калганыма ишенбей ыйлап келе жаттым. Көлдө барымтага алынган аялдын видеосу
Милиция эгер кимдир бирөө шектүүнүн жүргөн жерин билсе төмөнкү телефондор аркылуу 0 (702) 14-88-41, 0 (707) 27-99-94, 0 (3922) 5-45-50, 5-45-05, 6-03-21 же нөөмөт бөлүмүнө 102 номерине чалууну суранат.

Эске салсак, 2019-жылы 4-июлда Сырт өрөөнүнүн Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин кароолчу атып салганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Мындан сырткары, ошол жердеги жылкычы бычак жеп, 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0