13:58 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Өрт. Архив

Ысык-Көлдө эки айылдын ортосундагы токойдо өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Константин Чалабов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
311 0 0

Өрт 5-июль күнү чыккан.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал жана Ой-Булак айылдарынын ортосундагы токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө кабарлап, көп өтпөй окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналында жарыяланды.

Өрт 5-июль күнү түштөн кийин чыккан.

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктап, ведомствонун Facebook тармагындагы баракчасына окуянын жеринен тартылган сүрөттөрдү жүктөдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпысынан 115тей адам тартылды. Алардын 30у куткаруучулар, 10у РИИБ кызматкерлери, 20сы токой чарбасынын кызматкерлери жана 50 желгиликтүү тургун.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үч гектардай жер күйүүдө.

Кошумча маалымат берилери айтылды.

Тема боюнча

Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
Белгилер:
Өрт, токой, Түп, Ысык-Көл облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ