Элди миллиондорго алдап кеткен кыргызстандык аял Москвадан кармалды

© AFP / PATRICK LINАкча кармап турган аял. Архив
Акча кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан маалымдашкандай, аял элге бизнес ачууну сунуштоо менен алардын каражатын алып, качып кеткен.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Москвада 1-июлда кыргызстандык аял кармалды. Ал мекенинде адамдарды миллиондогон каражатка отургузуп кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

43 жаштагы аял 2012-2014-жылдар аралыгында жасалган кылмыштарга шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

"ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, шектүү адамдардын ишенимине кирип бизнес ачууну сунуштаган. Кийин каражатын, унааларын алып качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Бир эле кыргызстандык кишиге келтирилген чыгымдын көлөмү 5 миллион 150 миң сомду түзгөн. Ага акчасы бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес.

Учурда аялды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0