Бишкекте 7 жаштагы кыз унаа коюп каза тапты. Айдоочу из жашырып кеткен

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Автоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 17-июнь күнү Каралаев менен Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишкен жерине жакын аймакта болгон.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте айдоочу жети жаштагы кызды коюп, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Окуя 17-июнь күнү кечки саат 20:30дар чамасында Каралаев менен Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишкен жерине жакын аймакта болгон. Оор жаракат алган кыз ошол жерден жан берген. ЖКККББ кызматкерлери ошол эле күнү унаанын үлгүсүн жана шектүүнү аныкташкан. Ал 23 жаштагы М.И. болуп чыккан.

Айдоочу кармалып, Audi TT үлгүсүндөгү унаа атайын жайга токтотулду. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0