19:26 16 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Жол кырсыгы 12-июнда кечки саат 22.05 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон

Бишкекте эки унаа кагышып, үч киши жаракат алды. Сүрөт

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (130)
281 0 0

Жол кырсыгынын кесепетинен жөө басып бараткан адам да жаракат алды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эки унаа кагышып, анын кесепетинен үч адам жаракат алды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы 12-июнда кечки саат 22.05 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон.

"Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспектиси менен баратып Жаш Гвардия бульварына бурулганда каршы тилкедеги BMW менен кагышкан", — деп билдирди милициядан.

Кырсыктын кесепетинен BMW автоунаасы жөө бараткан кишини коюп кетип, мамыны сүзүп токтогон.

Жөө бараткан киши, Honda Accord унаасынын жүргүнчүсү, BMW машинасынын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Аталган кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (130)

Тема боюнча

Беш-Күнгөйдө мотоциклчен киши жолтандабасты сүзүп мүрт кетти
Бишкектин Арча-Бешик конушунда унаа коюп кеткен эне-бала каза болду
Белгилер:
милиция, айдоочу, жаракат, жол кырсыгы

ЭҢ МААНИЛҮҮ