Чет элдиктерге кыргыз паспортун жасап берип жүргөн киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики
Заграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кармалган шектүү УКМКнын убактылуу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 2-июнда Кыргызстандын жаранына берилген паспорт менен "Манас" аэропортунан Стамбул шаарына учмакчы болгон коңшу мамлекеттин 29 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө паспорттогу серия Кыргызстандын Ош облусунун тургуну, 2002-жылы туулган А.у.Б. аттуу жаранга таандык экени аныкталган.

"Муну менен бирге "Манас" аэропортунун күтүү залында бул кылмыш тобунун уюштуруучусу, Кыргызстандын 52 жаштагы жараны кармалды. Анын жанынан 1987-жылы туулган Н.П. аттуу жарандын наамына даярдалган Кыргызстандын дагы бир жасалма паспорту табылды", — деп айтылат маалыматта.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГКНБ Идриса Кадыркулова - Sputnik Кыргызстан
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
Кармалган 52 жаштагы жаран чет элдиктерге Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдап, сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, аларды чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталган.

"Жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-жылы туулган С.Р. аттуу жарандын наамына даярдалган КР жалган паспорту табылып, алынган", — деп айтылат маалыматта.

УКМК берген маалыматка ылайык, даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террордук уюмдун рекруттарды согуштук зонага катышууга жиберип туруу максатында колдонулган. Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0