БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда бир жумадан бери изделип жаткан жети жаштагы баланын сөөгү 3-июнь күнү Кайырма каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Белгилей кетсек, куткаруучуларга маалымат 27-май күнү саат 23.00дөрдө түшкөн. Ошондон бери уланган издөө иштерине 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан беш адам тартылган.
Натыйжада 3-июнь күнү саат 16.15те баланын сөөгү Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөнү айтылды.