02:51 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
В Бишкеке 33-летний мужчина подозревается в том, что привязал племянника к автомобилю BMW и протащил по земле несколько метров

Бишкекте мигранттын уулун таякеси сабап, унаасы менен сүйрөткөн

© Фото / пресс-служба ГУВД
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
561502

Милициянын маалыматына караганда, сабалган баланын апасы Россияга иштегени кеткен, атасы жок.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Алтын-Казык жаңы конушунда 9 жаштагы баланы сабады деп таякеси кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

В Бишкеке 33-летний мужчина подозревается в том, что привязал племянника к автомобилю BMW и протащил по земле несколько метров
© Фото / пресс-служба ГУВД
Борбор калаанын Алтын-Казык жаңы конушунда 9 жаштагы баланы сабады деп таякеси кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады

Милицияга эркек киши баланы сабап жатканы тууралуу чакыруу 27-апрелде эртең менен саат 8.00дө түшкөн.

"Алтын-Казык конушуна Биринчи Май райондук милициянын ыкчам тобу барган. Анда 9 жаштагы баланы Б.С. аттуу 33 жаштагы таякеси сабаганы аныкталды. Ал тестиерди колунан жип менен байлап, BMW үлгүсүндөгү унаасы менен бир нече метрге чейин сүйрөткөн", — деп айтылат маалыматта.

В Бишкеке 33-летний мужчина подозревается в том, что привязал племянника к автомобилю BMW и протащил по земле несколько метров
© Фото / пресс-служба ГУВД
Бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошол замат бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, сабалган баланын апасы Россияга иштегени кеткен. Атасы жок. Баласы туугандарынын колунда калган", — деп айтылат маалыматта.

Тестиерди сабады делген Б.С. кармалды. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбашчылык) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми баланын учурдагы абалын билүү максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы менен байланышты. Бирок "туугандары маалымат берүүгө каршы болууда" деп комментарий беришкен жок.

Тема боюнча

Эми мигранттын балдарын туугандары камкордукка алуу менен гана бага алат
Белгилер:
милиция, сабоо, бала, Мигрант, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ