ТИМ: Украинада автоунаа жардырган киши Кыргызстандын жараны эмес

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВзрыв произошел в центре Киева
Взрыв произошел в центре Киева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу аларга эки маалымат келип түшкөнүн айтты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Украинанын Киев шаарында автоунааны жардырып жиберген адам Кыргызстандын жараны эмес экендиги аныкталды. Бул туурасында КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Улан Дыйканбаев билдирди.

2019-жылдын 5-апрелинде украиналык ЖМКлар Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчуктун айтканына таянып, автоунаа жардырган киши Кыргызстандын жараны деген маалыматты жазып чыккан. Окуянын видеосу да тараган.

ТИМдин маалымат катчысынын айтканына караганда, аларга эки маалымат келип түшкөн.

"Киев шаарында автоунааны жардырып жиберген адам Кыргызстандын жараны эмес экендиги белгилүү болду. Тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын маалыматы боюнча ал кишиге Кыргызстандын паспорту берилген эмес. Андан сырткары, экинчи маалыматты Украинадагы КРдин элчилигинен беришти. Анда аталган мамлекеттин тиешелүү органдары автоунааны жардырган адам Кыргызстандын жараны эместигин айтышкан", — деди Дыйканбаев.

ТИМ өкүлү аталган окуя боюнча кылмыш иши ачылгандыгын, элчилик Украинанын тергөө органдары менен иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0