Сот департаментинен 15 ноутбук уурдалган. Шектүү кармалды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНоутбуктар. Архив
Ноутбуктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү 700 миң сомго бааланган ноутбуктарды көтөрүп кеткен.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Борбор калаада Сот департаментинин имаратынан ноутбуктарды уурдоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Ноутбуктар уурдалганы тууралуу арыз менен департаменттин маалымат катчысы кайрылган. Анын айтымында, 1-марттан 29-мартка чейинки аралыкта киши имаратка кирип 15 ноутбукту көтөрүп кеткен. Анын жалпы баасы 700 миң сомду түзөт.

"Шектүү катары 1995-жылы төрөлгөн М.С. аттуу жаран кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда Сот департаментинен уурдалган 11 ноутбук табылды. Милиция калган төрт ноутбук кайда экенин иликтеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0