Бир киши унаага салып кетти! Ошто 3-класстагы кыздар коркконунан ата-энесин алдаган

© Sputnik / Табылды КадырбековШкольники младших классов на линейке
Школьники младших классов на линейке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда инспекторлор териштирүү иштерин улантууда.

ОШ, 6-мар. – Sputnik. Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылындагы Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин беш окуучу кызын бейтааныш эркек киши алып кетүүгө аракет кылды деген маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Бактыгүл Нурматова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Директорду чыгарып ийип кабинетинде сабак өтүп. Баткендеги байыркы мектеп видеодо - Sputnik Кыргызстан
Директорду чыгарып ийип кабинетинде сабак өтүп. Баткендеги "байыркы" мектеп видеодо
Белгилей кетсек, WhatsApp каналында аталган аймактагы окуучу кыздарды бейтааныш киши унаасына салып кетүүгө аракет жасаганы тууралуу маалымат тарады. Ата-энелер бири-бирин сак болууга чакырган. Ошондой эле окуучу кыздар окуянын чоо-жайын айтып берген видео дагы тарады. Анда чоңдор "унаадан кантип чыгып, качып кеттиңер" деген суроого кыздар "айдоочу унааны кулпулап сыртка чыгып кеткен. Бирок руль тараптагы эшикти кулптаган эмес" деп жооп беришкен.

Мектеп директору Нурматованын айтымында, 3-класста окуган беш окуучу кыз 2019-жылдын 27-февралында сабактан 13:00дө чыгып, бирок үйлөрүнө 14:30 чамасында барган.

"Алардын ата-энелери эмне үчүн кеч келгендигин сураганда окуучу кыздар аларды бейтааныш эркек киши унаасына салып кетүүгө аракет кылгандыгын айтышкан. Бул окуя ата-энелердин катышуусунда териштирилди. Мындан сырткары, аймактык тескөөчү жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор окуучу кыздардан окуянын кандайча болгондугун сурап, иштеп жатышат. Бирок иликтөө көрсөткөндөй, мектептен чыгаары менен үйүнө түз барбай көчөдө ойноп, кеч барышкан. Алар ата-энелери урушат деп корккондуктан жогоруда сөз болгон окуяны айтабыз деп сүйлөшүп алышкандыгы аныкталды", — деди Нурматова.

Ал инспекторлор окуучу кыздардын ар бирин өз алдынча сураганда калп айтышкандыгы белгилүү болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0