Жубайын топтошуп зордуктоого шектелген киши Бишкектен кармалды

Жазылуу
Топтолгон материалдар Кыргызстандын Башкы прокуратурасына экстрадиция маселесин чечүү үчүн өткөрүп берилет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Аламүдүн райондук милициясы Казакстанда оор кылмыш жасоого шектелип, издөөдө жүргөн кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

"Кечээ, 5-мартта, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн айылында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн казакстандык Шокан Абылкасымов кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Сексуальное насилие в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте балдарга карата кылмыштар көп катталган район аталды
Шектүү Бишкек милициясынын тергөө абагына киргизилди. Топтолгон материалдар Кыргызстандын Башкы прокуратурасына экстрадиция маселесин чечүү үчүн өткөрүп берилет.

Абылкасымов жарандык никедеги аялын тобу менен зордуктоого айыпталууда. Кордолгон аял терезеден секирип кетип каза болгон. Nur.kz жазганына караганда, Абылкасымов качып кеткен. Ал эми анын шериги 10 жылга кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0