Элчилик: Самарадагы жол кырсыктан каза болгондордун ичинде кыргыз жараны жок

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОорканадагы бейтап. Архив
Оорканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын жергиликтүү ЖМКлары Самарада каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны бар экенин жазып чыккан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын Самара облусуна жакын жердеги жол кырсыктан каза болгондордун ичинде кыргыз жараны жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Буга чейин Россиянын жергиликтүү ЖМКлары Самарада каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны бар экенин жазып чыккан.

"Расмий маалыматты Россиянын ӨКМинин чукул кырдаалдар башкармалыгынан алдык. Ага ылайык, кырсыктан көз жумгандардын ичинде биздин жарандар жок. Төрт киши жабыркаган, алардын бирөө кыргызстандык. Ал Красноярск районунун борбордук ооруканасына жаткырылган", — деди Байымбетова.

Окуя 1-март күнү катталып, Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0