Ноокенде 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Окуучулар көрсөтмө берди

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча ал 20 метр бийиктеги аскадан кулап кеткен.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Дамас айылынан 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Ага ылайык, баланын сөөгү 20 метр бийиктеги асканын түбүнөн табылган.

"Маалым болгондой, 23-февралда 9-класстын окуучулары мектепте кече уюштуруп, түндө сыртка чыгышкан. Жолдо алар коңшу айылдык баланы жолуктуруп, айтыша кетишкен. 23 жаштагы жигит балдардын бирин түртүп качып кеткен. Өспүрүмдөрдүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, анын артынан эч ким кууган эмес, качып кеткенден кийин аны көрүшкөн эмес", — деп милициядан маалымдашты.

24-февралда болжол менен саат 20:00дөр чамасында дарыгерлер жигиттин сөөгү табылганы боюнча милицияга кабарлаган. Алдын ала маалымат боюнча ал бийиктиктен кулап, бутун сындырып алып, сууктан тоңуп өлгөн.

Аталган окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0