13:45 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Лыжа тебүү. Архивдик сүрөт

Бельгиялык турист кыз Караколго жакын жерде көчкү алдында калып каза болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
164 0 0

Сөөктү кар алдынан 40 мүнөттө алып чыгышкан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Караколго жакын жерде көчкү алдында калып бельгиялык турист каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каргаша 19-февраль күнү Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайында болгон.

"Бельгиялык Кларт Март Кукенс Караколго 13-февралда келген. Бир тууганы Дриз Эмил Кукенс менен бир нече күндөн бери тоодо лыжа тээп жүрүшкөн. 19-февралда алар эс алып жүргөн жерге көчкү түшүп, турист кыз анын алдында калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Сөөктү кар алдынан 40 мүнөттө алып чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде сөөк соттук-медициналык экспертиза үчүн Ысык-Көл райондук оорукананын моргуна жеткирилген.

Тема боюнча

Чоң-Алайдагы кар күрткүдөн 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калды
Эки ирет түшкөн кар көчкү Matiz унаасын басып калды. Чоң-Алайдагы окуя
Белгилер:
кар көчкү, турист, Бельгия, Каракол

ЭҢ МААНИЛҮҮ