15:24 18 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Кол кишенчен адам. Архив

УКМК: Сириядагы согушка катышкан кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
288 0 0

Ал киши жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бир нече күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын М.Х. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жаран террорчулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррорчулук иш-чаралардан улам колго түшкөн.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран КРдин Жазык кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

"Такталган маалымат боюнча ал 2015-жылы "жихад" идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террордук уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, колго түшкөн жаран Сириядан КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

Тема боюнча

Жалал-Абадда террордук ячейка түзүү үчүн келген чет элдик жаран кармалды
Белгилер:
согушкер, УКМК, Сирия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ