Түптө жүк ташуучу унааны сүзгөн жолтандабастын айдоочусу мүрт кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Свердловской области
Вручение автомобилей скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалыматы боюнча эки айдоочу тең Караколдун тургундары экени аныкталган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө Nissan Pathfinder үлгүсүндөгү унаа алдында бара жаткан КамАЗдын чиркегичин сүзүп алганын облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-январь күнү болжол менен саат 22.00дөрдө Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол трассасынын 198-чакырымында болгон.

"Эки унаа тең Түптүн аймагында чыгыш тарапты көздөй бара жаткан. Жолтандабастын 63 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай калып, алдында бара жаткан жүк ташуучу унаанын чиркегичин сүзгөн. Сокку айдоочу жакка туш келип, эркек киши ошол жерден мүрт кеткен", — дешти милициядан.

Билдирүүдө эки айдоочу тең Караколдун тургундары экени айтылат. Кырсыктаган унаада бир нече жүргүнчү болгон. Алардын эч кимиси жаракат алган эмес. Окуя Эреже бузуулардын бирдиктүү реестринде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0