Жалал-Абадда жүк ташыган унаа коюп кеткен окуучу каза болду

CC BY-SA 2.5 / mliu92 / Hyundai Porter / croppedАвтомобиль марки Hyundai Porter
Автомобиль марки Hyundai Porter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум менен жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу бир көчөдө жашайт.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа окуучуну коюп кеткенин облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 24-январда болжол менен 18:15тер чамасында Пушкин көчөсүндө болгон.

"12 жаштагы баланы 24 жаштагы коңшусу коюп кеткен. Жол кырсыгынан кийин баланы ооруканага өзү жеткирген. Тактай келгенде алардын бир көчөдө жашаганы анык болду", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм алган жаракатынан эсине келбеген бойдон ооруканада үзүлгөн. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0