Ошто наристени сабап өлтүрдү деген кош бойлуу келин 2 айга камакка алынды

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей
Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү келиндин 5 баласы жана алты айлык боюнда бар

ОШ, 12-янв. – Sputnik. Ошто кайнисинин 2 жаштагы уулун сабап өлтүрүүгө шектүү келинди Шаардык сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы келин эртең, 13-январь күнү, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан №5 тергөө абагына которулат. 

Эске сала кетсек, 10-январь күнү саат 15.00дөр чамасында Ош облустук балдар ооруканасына эки жашар наристени туугандары алып келип (атасынын агасы), тарамышы тырышып калганын айтышкан. Дарыгерлер наристени кароо учурунда ал ооруканага келгенге чейин эле чарчап калганы белгилүү болгон. Мындан улам ак халатчандар милицияга кабарлашкан. 

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын таштап, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер үчүн жаңы мыйзам. Чоо-жайы
Ош ШИИБинин атайын ыкчам иликтөө тобу наристеге зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деп шекшип, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анда наристенин бети-башында, колдорунда жана сандарында көгала тактар, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экени аныкталган. Бул фактынын негизинде шектүү катары каза болгон баланын атасынын бир тууган жеңеси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту ("Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залака келтирүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, бала атасынын колунда калган. Кийин ал Россияга иштегени кетип, чүрпөсүн 30-декабрда агасынын үйүнө таштаган.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактардын маалыматы боюнча камакка алынган келиндин учурда алты айлык боюнда жана 5 баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0