Балыкчыдагы прокурордун жардамчылары менен милициянын мушташы. Иликтөө башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы прокурору менен анын жардамчылары убактылуу кызматтан четтетилди.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Балыкчы шаарынын көзөмөл органынын кызматкерлери менен жол инспекторлорунун ортосундагы чатак боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу ведомстводон Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиришти.

Мушташ 23-декабрга караган түнү саат 1.00дөр чамасында болгон. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Ден соолукка залака келтирүү боюнча ошол эле күнү КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон.

"Жерине башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери барды. Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат", — деп айтышты маалымат кызматтан.

Териштирүү аяктагыча Балыкчы прокурору менен анын жардамчылары кызматтан четтетилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0