БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында 8-кабаттан кулаган бетон плитасы кыргыз жаранын басып калды. Бул тууралуу "Невские новости" агенттиги жазды.
Кырсык 21-декабрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 22.30да Setl City компаниясынын курулуш объектисинде болгон.
Маалыматка караганда, плита үч кишини басып калган. Алардын бири 23 жаштагы тажик жараны дароо көз жумса, экинчиси ооруканага жеткирилген. Үчүнчү куруучунун сөөгү эртеси күнү плитанын сыныктарын жыйнагандан кийин табылган. Ал 38 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды.
Аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери башталды.