Унаа айдай качып көнгөн 23 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт

© AFP / SABAH ARARДевушка за рулем автомобиля.
Девушка за рулем автомобиля. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта анын ушундай эле беш ишке катыштыгы текшерилип жатат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа уурдоого шектүү катары 23 жаштагы кызды кармаганын шаар милициясы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГУВД г. БишкекПодозреваемая в угоне авто в Бишкеке
Подозреваемая в угоне авто в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемая в угоне авто в Бишкеке

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү BMW унаасынын ээси милицияга кайрылып, чала тааныш кыз ачкычын алып машинасын белгисиз тарапка айдап кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда уурулукка шектүү катары 23 жаштагы кыз колго түшүрүлгөн.

"Ушу тапта анын ушундай эле беш ишке катыштыгы текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыз бүгүнкү күндө соттун чечими менен бир айлык мөөнөт менен камакка алынды. Тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0