ӨКМ: борбор калаада кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуПожар в кафе "Ассорти" в Бишкеке
Пожар в кафе Ассорти в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кафенин чатыры күйүп кеткен. Өрт саат 18.28де толугу менен өчүрүлдү.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Салиев менен Курманжан датка көчөлөрүнүн (мурдагы Алматы көчөсү) кесилишинде жайгашкан "Ассорти" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык тууралуу маалымат ӨКМге саат 17.39да келип түшкөн. Жерине эки унаа жөнөп кетип, саат 18.28де өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0