Ошто чет элдиктерди тоногон деп эки милиция кызматкери кармалды

Жазылуу
Чет элдик жарандар өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырган эки киши алардын акчасын тартып алганын айтышкан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ош шаарында чет элдиктерди тоноп жүргөн деген шек менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Пара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта автоинспектор 200 сом үчүн иштен айдалды. Пара алып жаткан видеосу
Ага ылайык, шектүүлөр 1-октябрда саат 19:15дер чамасында Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан "Мээрим" ресторанынын алдынан Индиянын 18 жаштагы жаранын ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү автоунаасына отургузуп, Уркуя Салиева кѳчѳсүнѳ алып барган. Ал жактан жанындагы 3 000 сомун тартып алып из жашырышкан.

Ал эми 11-октябрда саат 21:00дөр чамасында Ош шаарындагы "Демир Банктын" банкоматынан акча алып бара жаткан Индиянын 25 жаштагы жаранын өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган эки киши ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү мамлекеттик белгиси жок автоунаага салган. Аны Тилеке баатыр кѳчѳсүнѳ алып барып жанындагы 100 АКШ долларын жана 2000 сом акчасын тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

"Бул арыз боюнча Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергѳѳ тобу окуя болгон жерлерде болуп, тиешелүү маалыматтарды топтошкон. Иликтѳѳ-издѳѳ иштеринин натыйжасында шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча топтолгон маалыматтарга толук жана ар тараптуу юридикалык баа берүү максатында Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0