УКМК: баңгизат ташылган эл аралык каналдын жолу буулду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык каналды уюштурду делген киши тергөө абагына киргизилген.

БИШКЕК, 4-окт. – Sputnik. Ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында баңгизат ташылган эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, Афганистандан чыккан баңгизат Кыргызстандын аймагы аркылуу КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлүп турган.

"Каналды уюштурган Б.А. аттуу чет элдик жаран 12 килограмм 810 грамм баңгизатын алып бараткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0