Бишкекте бир кишини экөөлөп арматура менен сабап кетишти. Окуянын видеосу

© AP Photo / John MinchilloНападение арматурой
Нападение арматурой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо эки кишинин жакалашып турганын, кийин бери жактан чуркап келип машинадан таяк алып чыкканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини экөөлөп сабап жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды. Окуянын кандай болгону видео байкоого жазылып калган.

Бутырский следственный изолятор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Улгайган кишини чаап-тепкен киши тергөө абагына киргизилди
Видеодо көрүнгөндөй окуя көп кабаттуу имараттын алдындагы унаа токтотуучу жайда болгон. Анда эки кишинин сүйлөшүп жатып жакалашып кеткенин, кийин бери жактан бир киши чуркап келип машинадан таяк алып чыгып чапкылап жатканын көрүүгө болот. Бул учурда токмок жеп жаткан жаран да аларга каршылык көрсөтүп жатканы так байкалат.

Видеонун алдында таяк жеген киши ташуучу болуп иштегени жана жаңжал Бишкектеги Исакеев көчөсүндө болгону жазылган.

"Иним буга анча маани берген эмес. Анын эртеси үч белгисиз адам инимди темир таяк менен сабашкан. Биз Октябрь райондук милициясына арыз жаздык. Бейбаштык кылгандардын бирөөнү гана кармашты. Башкалары кылмышты жабуу үчүн жең ичинен сүйлөшүп алды деген шектенүү бар", — деп жазган видеону жарыялаган автор.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы бул окуя боюнча 41 жаштагы жаран кармалганын билдирди. Ага 234-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап тергөө бүткөнчө үй камагына чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0