БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Лебединовка айылындагы "Арзу" кафесинде чыккан өрт 7,5 сааттан кийин толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо 2-сентябрь күнү таңкы саат 04.30да толугу менен өчүрүлгөн.
"Өрт 2000 чарчы метрди жалмаган. Учурда анын келип чыгуу себептери такталууда жана жабыркагандар жок", — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, өрт тууралуу билдирүү 1-сентябрда саат 21.09да ӨКМге келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 16 унаа тартылган. Буга чейин кафенин кызматкерлери ашканадан учкун чыгып, андан соң газ баллон жарылгандыгын айткан.