Красноярскиде тик учак кулап, 18 киши каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТик учак. Архив
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба техникасынын ичинде экипаждын үч мүчөсү жана алардын сырткары 15 киши болгон.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Красноярск аймагында эртең мененки саат 10:00дөр (9.00 БШК.) чамасында Ми-8 тик учагы кулаган. Бул туурасында РФтин Тергөө комитетинин сайтына маалымат жайгаштырылды.

Факты боюнча РФтин Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козголгон.

"Бортто экипаждын үч мүчөсү жана алардын сырткары вахталык мөөнөттө иштеген дагы 15 киши бар экендиги айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, баары курман болду", — деп жазылган билдирүүдө.

Учурда кырсыктын себебин аныктоо максатында иликтөө иштери башталгандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0