Чүйдө эки унаа кагышып, жубайлар жана алардын 2 жашар наристеси каза тапты

Жазылуу
Жубайлар кырсык болгон жерде, бөбөк ооруканада жан берди.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Полтавка айылында BMW менен Honda Fit кагышып, Honda автоунаасындагы эки адам каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, BMW унаасынын айдоочусун жана экинчи унаадагы эки жашар бөбөктү Тез жардам алып кеткен.

Чүй милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы катталганын тастыктады.

"Кырсыктын кесепетинен Honda Fit машинасынын айдоочусу менен аялы ошол жерден жан берди. Алардын эки жашар баласы жана берки унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бирок бөбөк алган жараатынан улам чарчап калды", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи автонун айдоочусу дагы оор жаракат алган. Чогулган бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0