БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекте скутердин катыштыгы менен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымына караганда, окуя Сухэ Батор менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 21-июлда, саат 23.00дөр чамасында болгон. Мотоцикл менен жеңил унаа кагышып кеткен.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады. Ал эми Тез жардам кызматы атайын бригада жеринде иштеп жатканын маалымдады. Дарыгерлер жабырлануучулардын санын атаган жок. Бирок бирөө реанимация бөлүмүндө экенин маалымдашты.