Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында үч машина кагышты. Жабыркагандар бар

Жазылуу
Жол кырсыгы 21-июнда саат 18:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кара-Көл шаарында Lexus-330, Ford Focus жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү үч автоунаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда 4 жашар кызды коюп кеткен шектүү кармалды
Ага ылайык, жол кырсыгы 21-июнда саат 18:00дөр чамасында болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен Ford Focus унаасынын 62 жаштагы айдоочусу жаракат алып, куткаруучулар тарабынан ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын адистери тарабынан тактоо-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0