Чет элдик жаранды жакалаган жигиттин видеосу боюнча милиция үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖакашалып жаткан адамдар. Архив
Жакашалып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-июнда интернетке жарыяланган видео боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы интернетке видеосу жарыяланып кеткен жаңжалдын катышуучуларын издеп жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вознесеновкадагы кафеде мушташ чыгып эки киши жаракат алды
Ага ылайык, видео интернетке 8-июнда жарыяланган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары анын чоо-жайын иликтей баштаган.

Видеодо орто жашап калган кишини чымыр денелүү жигит алка-жакадан алып жулкулдатып сөгүп жатканын көрүүгө болот. Ал ортодо тигил киши аны коё бер деп түркчө кайрылып жатканын угулат. Алардын жакалашып жатканын бир нече киши карап турган.

Алдын ала маалымат боюнча окуя Бишкектеги Орозбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көңүл ачуучу жайлардын биринин алдында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0