Өзгөндө бети-колун белгисиз жаныбарлар жеп кеткен адамдын сөөгү табылды

Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өзгөн районунда бетин жана колун белгисиз жаныбарлар жеп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Өзгөн райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар Зергер айыл аймагында адамдын сөөгү жатканын кабарлашкан.

"Милиция кызматкерлери барып, айылдагы үйлөрдүн биринин арткы тарабынан эркек кишинин сөөгүн тапкан. Анын бети ылдый тарапты карап, денеси курттап, бети жана бир колун белгисиз жаныбарлар жеп кеткен экен", — деп билдиришти милициядан.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0