14:19 24 Бугу 2018
Түз эфир
Өрт өчүрүүчү. Архивдик сүрөт

Орозонун биринчи түнүндө Бишкекте мечит өрттөнүп кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2294 0 0

Тилсиз жоонун кесепетинен 1300 чарчы метр аянтчадагы килемдер жана эмерек күйгөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Борбор калаанын Баялинов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Өрт кырсыгы 18-майга караган түнү болжол менен саат 01.00дө болгону айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт боюнча маалыматты тастыктады. Кырсыктын кесепетинен 1300 чарчы метр аянтчадагы килемдер жана эмерек күйгөн. Жаракат алгандар болгон жок.

Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларынын техникалык эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Белгилей кетсек, быйыл орозо 17-майда башталды.

Тема боюнча

Сокулук: өрттөнгөн үйдүн ичинде калган үч кишинин экөө күйүп кетти
Оштогу соода түйүндөрү менен чайкананы жалмаган өрт өчүрүлдү
Белгилер:
мечит, Өрт, ӨКМ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ