Ош: жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Кармалган айдоочу унаасын жылуулук борборунун имаратынын жанына токтотуп койгон.

ОШ, 4-май — Sputnik. Ош шаарында жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте эртең менен эки автоунаа кагышып, бири ала салып кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эртең менен эки автоунаа кагышып, бири ала салып кетти. Видео
Ага ылайык, айдоочу 4-майга караган түнү саат 23:00дөр чамасында Nissan Primera унаасы менен жөө жүргүнчүнү калаанын Масалиев көчөсүндө койдуруп, жабырлануучуга жардам бербестен окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан көз жумган.

Милиция кызматкерлеринин издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү унааны жылуулук борборунун жанына токтотуп, качып кеткени аныкталган. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Т.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Кырсыктын кесепетинен каза болгон 40-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин аты-жөнү тактала элек. Ал эми кармалган айдоочу шаардагы соода борборлорунун биринде күзөтчү болуп иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү кырсыкка кабылган автоунааны жакында эле сатып алганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0