Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин эки жыл мурда 20,4 миллион рубль төлөп жасаткан маалыматтык камсыздоо системасы алиге чейин иштебей турат.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш иши козгоду. Бул туурасында башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"2016-жылдын 24-майында Транспорт жана жолдор министрлиги тендер өткөрбөй туруп россиялык компания менен келишим түзгөн. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана функцияларды аткаруудагы ведомстволорду өз ара байланыштырууга багытталган маалыматтык системаны автоматташтырууга 20 миллион 400 миң рубль акча төлөмөй болгон. Аталган программа Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында пайдаланылмак", — деп айтылат.

Ошол эле жылдын 29-декабрында маалыматтык камсыздоо программасы бүткөрүлүп, Транспорт жана жолдор министрлиги ал компаниянын эсебине 19 миллион  218 миң сом которгон.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМКтын көчмө колоннасынын жетекчилигине иш козголду
Бирок ал программа ЕАЭБдин талаптарына жооп бербегендиктен алиге чейин иштебей турат. Мунун айынан Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция сертификаттардын электрондук версиясын көзөмөлдөөгө алы келбей, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык системасы менен алакалаш боло албай турат.

Маалыматта мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам бузуусунун кесепетинен өлкө ири суммадагы материалдык чыгымга кириптер болгондугу жазылган.

Азыркы тапта кылмыш иши тиешелүү органдарга жөнөтүлүп,  тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Транспорт жана жолдор министрлигин Жамшитбек Калилов 2016-жылдын 11-ноябрынан тарта жетектеп келет. Ага чейин бул кызматты Калыкбек Султанов аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0